Bloomberg Россия жана Беларуста иштерин токтоткондугун жарыялады

Борбору Нью - Йоркто жайгашкан компаниянын билдирүүсүндө, компаниянын эки өлкөдөгү бардык иштерин токтоткону жана атайын төлөм колдонуучулары мындан ары финансылык маалымат терминалдарына жана соода аянтчаларына кире албай турганы айтылды.

1803860
Bloomberg Россия жана Беларуста иштерин токтоткондугун жарыялады

Дүйнөнүн алдыңкы каржылык, экономикалык маалыматтары жана маалымат платформаларынын бири Bloomberg LP Россия жана Беларустагы ишин токтотконун жарыялады.

Борбору Нью - Йоркто жайгашкан компаниянын билдирүүсүндө, компаниянын эки өлкөдөгү бардык иштерин токтоткону жана атайын төлөм колдонуучулары мындан ары финансылык маалымат терминалдарына жана соода аянтчаларына кире албай турганы айтылды.

Билдирүүдө эл аралык санкцияларга ылайык бир катар орус баалуу кагаздарын сатып алуу - сатуу операцияларынын да токтотулганы белгиленип, финансылык жана экономикалык жаңылыктар, маалыматтар жана анализдер жарыяланган Bloomberg.com сайты да ишин улантары маалымдалды.

Ошондой эле билдирүүдө компаниянын "Bloomberg Philanthropies" кайрымдуулук уюму аркылуу аймактагы жана башка жерлердеги украиналыктарга жана качкындарга колдоо, азык-түлүк жана тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн Эл аралык куткаруу комитети жана World Central Kitchen гуманитардык уюмдарына 40 миллион грант бере турганы айтылды.



Тектеш кабарлар