Байден Путин үчүн: «Касапчы жана бул адам бийликте калбашы керек»

Польшанын борбор шаары Варшавадагы украин качкындар лагерине барган Байден ал жерде согуштан качкан украиналык аялдар жана балдар менен баарлашты.

1802561
Байден Путин үчүн: «Касапчы жана бул адам бийликте калбашы керек»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин үчүн «касапчы» деген сөздү колдонду.

Польшанын борбор шаары Варшавадагы украин качкындар лагерине барган Байден ал жерде согуштан качкан украиналык аялдар жана балдар менен баарлашты.

Украиналык качкындар Путин тууралуу эмне деп ойлошот деген суроого Байден: «Ал касапчы»,- деп мүнөздөдү.

Байден Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда чоң зыянга учураган маанилүү жерлердин бири болгон Королдук сепилинин алдында да сөз сүйлөп, Путиндин Украинага басып киришинин «ондогон жылдарга созула турган согуш» коркунучун туудурганын баса белгиледи.

Владимир Путин үчүн: «Кудай үчүн бул адам бийликте калбашы керек»,-деп айткан Жо Байден орус элине кайрылып, орустар «душман» эмес экенин белгиледи.

Жо Байден "Варварчылык эч качан эркиндикке умтулууну жеңе албайт. Украина эч качан Орусия үчүн жеңиш болбойт»,-деди.

Ак үй Байдендин Путин тууралуу айткан сөздөрүн «Бул киши бийликте калбашы керек» деп түшүндүрүп, мунун Орусияда башкарууну алмаштыруу чакырыгы эмес экенин билдирди.

Билдирүүдө,«Президенттин айткысы келгени Путинге өзүнүн күчүн коңшуларында да, аймакта да көрсөтүүсүнө жол берилбеш керек эле, антпесе ал Путиндин Орусиядагы (саясий) бийлиги же режимди алмаштыруу жөнүндө айткан эмес»,делди.

Орус парламентинин төмөнкү палатасы Думанын төрагасы Вячеслав Володин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, оорулуу же алсыз адам гана ушундай Байден сыяктуу мамиле кыла алат деп билдирди.

Психологдордун Жо Байдендин мамилесин текшерүүсү керектигин белгилеген Володин:«АКШ жарандары өз президенттеринен уялышы керек. Балким, Байден ооруп жаткандыр, дарыланганы жакшы. Ал бактысыз адам»,деген комментарий берди.



Тектеш кабарлар