БУУ : "Украинада кеминде 1081 адам каза болду"

3 миллион 725 806 жаран коңшу өлкөлөргө өттү.

1802180
БУУ : "Украинада кеминде 1081 адам каза болду"

Россия  -  Украина согушу учурунда Украинада кеминде 1081 жаран каза болуп, 1707 жаран жаракат алды жана  3 миллион 725 806 жаран коңшу өлкөлөргө өттү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүндө, Украинадагы баш калкалоочу кризисине байланыштуу түрдүү булактардан алынган маалыматтар бөлүшүлдү.

Билдирүүдө 24 - февралдан 24 - мартка чейин  Украинадан 3 миллион 725 миң 806 баш калкалоочунун жарымынан көбү Польшага жана башка коңшу өлкөлөргө өткөнү белгиленди.

Билдирүүгө ылайык, украиндер көбүнчө Польшага (2 миллион 206 миң 119), Румынияга (572 миң 754) жана Молдовага (376 миң 748) баргандыгы билдирилди. 



Тектеш кабарлар