Сомалиде БУУнун кампусуна кол салуу болду

Кол салууда 3 коопсуздук кызматкери жаракат алды.

1800701
Сомалиде  БУУнун  кампусуна  кол салуу болду

Сомалинин борбор шаары Могадишодо Бириккен Улуттар Уюмунун кампусун бутага алган террордук кол салууда үч коопсуздук кызматкери жараланды. Коопсуздук булактары БУУнун ошондой эле Европа Биримдиги жана Африка Биримдигинин кеңселери жайгашкан Халане кампусун камтыган Аден аэропортуна кол салган террордук уюм Еш - Шабабдын 3 коопсуздук кызматкеринин жараланганын билдирди.

Курал жана бомба колдонгондугу билдирилген 2 террорист коопсуздук күчтөрү менен  кирген кагылышууда жок кылынды. Кол салууну террордук уюм Еш  -  Шебаб моюнга алды. 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар