Орусиянын Украинага чабуулдары жарыяланууда...

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы согушундагы аракеттерине байланыштуу билдирүү жасады.

1800249
Орусиянын Украинага чабуулдары жарыяланууда...

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 5 калктуу конушундагы армиянын арсеналдарына алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал-жарактар ​​менен сокку урулганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы согушундагы аракеттерине байланыштуу билдирүү жасады.

Конашенков Украинанын аскерий объектилерине күндүз абадан жана деңизден алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар менен сокку урулганын билдирди.

Конашенков: «Лисичанск жана Краматорск конуштарында украин аскерлеринин күйүүчү-майлоочу ири кампалары, Дружковка конушунда ракеталык жана замбиректин ок-дарылары, Надеждинка жана Новоалександровка конуштарында ок-дарылар жок кылынды»,-деп айтты.

Орус аба күчтөрүнүн Украина армиясына таандык 83 аскердик объекти жок кылганын белгилеген Конашенков, булардын арасында 4 башкаруу борбору, 4 абадан коргонуу ракета системасы, 3 ок-дары жана 68 аскердик техникалык унаа бар экенин айтты.

Ошондой эле Конашенков: «Украина армиясына таандык 236 учкучсуз учуучу аппарат, 154 көп стволдуу ракета аткычтар, 185 абадан коргонуу ракеталык системасы, 1547 танк жана бронетехника, 612 гаубицасы жана миномёту, 1343 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деди.



Тектеш кабарлар