Жонсон Зеленскийге жана үй-бүлөсүнө башпаанек сунуштаган

Жо Байден да Зеленскийге Украинанын борбору Киевден эвакуацияланышын сунуштаган, Зеленский болсо Байденге "мага качуу эмес, ок-дары керек" деп жооп берген.

1799401
Жонсон Зеленскийге жана үй-бүлөсүнө башпаанек сунуштаган

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Орусиянын Украинага чабуулдарынан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жана анын үй-бүлөсүнө Британияга баш калкалоону сунуштаганын, бирок Зеленскийдин бул сунушту четке какканын кабарлады.  

"Sunday Times" гезитине интервью берген Жонсон бул сунушту качан айтканын билдирген жок.

Борис Жонсон: «Зеленский ар дайым ачык болду, анын милдети украин эли үчүн ал жерде калат, аларга кам көрөт»,-деп айтып: «Мен ага суктанганымды айта кетейин»,-деди.

Жонсон ошондой эле Зеленскийди өз элин бириктирип, дүйнөнү мобилизациялоо жолунда "баатыр согуштун лидери" катары сыпаттады.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден да Орусиянын чабуулдары башталгандан кийин Зеленскийге Украинанын борбору Киевден эвакуацияланышын сунуштаган, Зеленский болсо Байденге "мага качуу эмес, ок-дары керек" деп жооп берген.



Тектеш кабарлар