БУУ Украинадан коңшу өлкөлөргө качкан качкындар тууралуу маалымат берди
Украинадан коңшу өлкөлөргө качкандардын саны 2 миллион 498 миңден ашты.
![БУУ Украинадан коңшу өлкөлөргө качкан качкындар тууралуу маалымат берди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b693/dd21/91ea/622b262287cb8.jpg?time=1718892025)
![ukraynali multeciler.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b693/dd21/91ea/622b262287cb8.jpg?time=1718892025)
![ukraynali multeciler1.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0d51/de3d/131e/622b2639d7f79.jpg?time=1718892025)
Украинадан коңшу өлкөлөргө качкандардын саны 2 миллион 498 миңден ашты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүндө 24 - февралдан 10 - мартка чейин 2 миллион 498 миң 827 украиналык баш калкалоочунун коңшу өлкөлөргө өткөнү билдирилди.
Буга ылайык, украиналык качкындардын жарымынан көбү Польшага өткө.
Польшага 1 миллион 524 миң 903, Венгрияга 225 миң 46, Словакияга 176 миң 92, Молдовага 104 миң 929, Россияга 99 миң 831, Румынияга 84 миң 671, Беларуска 858 жана башка Европа өлкөлөрүнө 282 миң 497 качкын өттү.
Билдирүүдө 18 - 23 - февралда Донецк жана Луганск облустарынан 96 миң кишинин Россияга өткөнү маалымдалды.
БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы Украинадагы кырдаал мындан ары да курчуй турган болсо, 4 миллиондой жарандын өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти.
Тектеш кабарлар
![Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/ee48/7e22/90ad/6674097c827d2.jpg?time=1718892026)
Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кыргындары 258 күндөн бери уланууда.