Украинада туткунга түшкөн орус жоокерлери билдирүү жасашты

Интерфакс Украина маалымат агенттигинде өткөн жыйынга Украинанын Чернигов облусунда туткунга алынган Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн 15-Александровский бригадасынын аскердик чалгындоо бөлүгүнөн 7 офицер катышты.

1792899
Украинада туткунга түшкөн орус жоокерлери билдирүү жасашты

Согуш учурунда Украинада туткунга түшкөн жана Орусиянын аскердик чалгындоо бөлүгүндө кызмат өтөгөндөрү аныкталган офицерлер борбор шаар Киевде өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирүү жасашты.

Интерфакс Украина маалымат агенттигинде өткөн жыйынга Украинанын Чернигов облусунда туткунга алынган Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн 15-Александровский бригадасынын аскердик чалгындоо бөлүгүнөн 7 офицер катышты.

Көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик басма сөз өкүлдөрү байкаган жыйында туткунда болгон орус аскерлери Украинага баруу процессин түшүндүрүштү.

Офицер Сергей Галкин 2013-жылдан бери контракттык аскер экенин, 1-февралда Белоруссияда биргелешкен машыгууга катышабыз деген жүйө менен Брянская облусуна темир жол менен эвакуацияланганын жана 2013-жылы токойлуу аянтта түзүлгөн лагерде калганын билдирди.

Галкин, лагерде 3 күнгө жакын калгандан кийин Украинага кол салуу планынан кабардар болгонун белгилеп:«Кеңешме жыйынында учурунда биздин командирибиз башкы командир (Россия президенти) Владимир Путиндин Украинага кол салуу жана борбор Киевди басып алуу буйругун окуду. Телефондорубуз, өздүгүбүз чогултулду. Эртеси эртең менен жолго чыктык»,-деди.

Украинанын Чернигов облусунун чек арасына жакындап келе жаткан унаалары сазга тыгылып калганын түшүндүргөн Галкин:«Ушул учурда биз ошол аймактын тургундарына жолуктук. Кагылыш биздин снайпер ок чыгарганда башталган. Жергиликтүү элдин колунда көптөгөн курал-жарактар ​​болгонун көрдүк. Алар бизди үйгө кайтып кетүүнү талап кылышты. Биз чындыгында ошол учурда багынып берүүнү чечтик»,-деп айтты.

Дагы бир офицер Владимир Рассказов жоокер жолдошторуна: «Куралыңарды таштагыла»,-деп чакырык салып:«Мен Путинге да кайрылгым келет. Мен аны Украинага каршы чабуулун токтотууга чакырам. Анткени биз (Орусияга) кайтып келгенде ага каршы турабыз»,-деген сөздү колдонду.

Украин күчтөрү тарабынан туткунга алынган аталган офицерлер кызмат өтөгөн бригаданын мындан мурда Крымды (2014-жыл) оккупациялоодон тышкары Сирияда аскер полициясы катары кызмат кылганы белгиленди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар