Кытай АКШнын орус санкциялары тууралуу эскертүүсүнө каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен кечээги билдирүүсүндө, Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псакинин санкцияларга байланыштуу сөздөрүнө жооп берди.

1793137
Кытай АКШнын орус санкциялары тууралуу эскертүүсүнө каршылык көрсөттү

АКШнын "Орусия санкцияларга баш ийбесе, жооп кайтаруу чараларын көрөбүз деген эскертүүсүнө" Кытай реакция жасады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен кечээги билдирүүсүндө, Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псакинин санкцияларга байланыштуу сөздөрүнө жооп берди.

Санкциялардын көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги жана эффективдүү жолу эмес экенин белгилеген басма сөз катчысы Као: "Кытай бир тараптуу санкцияларга же АКШнын чек ара юрисдикциясын ишке ашыруу аракетине каршы",- деди.

Као Вашингтон бийлигинин Украина маселесин жана Орусия менен болгон карым-катнаштарын чечүүдө Кытайдын тынчсызданууларын эске алышы, анын укуктарына жана кызыкчылыктарына зыян келтирбеши керектигин белгилеп: "Биз Кытайдын жарандарынын жана компаниялардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын чечкиндүү коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз",- деп айтты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Псаки кечээки билдирүүсүндө, Кытайдын Орусияга каршы санкцияларга ушул убакка чейин баш ийип жатканын көргөндөрүн, бирок «санкцияларга баш ийбесе, бул Америка Кошмо Штаттарынын жооп кайтаруучу кадамдарга барышына себеп болушу мүмкүн»,-деген эле. 



Тектеш кабарлар