Гутерриш:«Украинадагы кыргынды токтоткула»

Гутерриш Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө украин жарандарынын алар менен эч кандай байланышы жок согуштун чыгымын төлөп жатканына көңүлдөрдү бурду.

1793263
Гутерриш:«Украинадагы кыргынды токтоткула»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Украинанын Мариуполь шаарындагы төрөт үйүнө кол салуу коркунучтуу болгонун билдирип:«Бул маанисиз зордук-зомбулук токтотулушу керек. Кыргынды токтоткула»,-деди.

Гутерриш Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө украин жарандарынын алар менен эч кандай байланышы жок согуштун чыгымын төлөп жатканына көңүлдөрдү бурду.

Мариуполь шаарындагы төрөт үйүнө болгон кол салуунун коркунучтуу болгонун билдирген Гутерриш:«Бул маанисиз зордук-зомбулук токтотулушу керек. Кыргынды токтоткула»,-деп айтты.

Бир тараптан Гутерриш Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен Украина кризисин сүйлөштү.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, Гутерриш Шольц жана Боррель менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинадагы согуштун алдын алуу аракеттерин талкуулады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ социалдык тармактагы билдирүүсүндө орус аскерлери Мариуполдогу балдар жана төрөт үйүнө түздөн-түз кол салганын, урандылардын астында балдар бар экенин айткан.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар