АКШ жарандары Украина элчилигине агылып барууда

Ыктыярчы аскер болууну каалагандар Вашингтондогу Украина элчилигинин алдында узун кезекке турушту.

1793044
АКШ жарандары Украина элчилигине агылып барууда

Орусия Украинага согуш жарыялагандан кийин Украина тарабында согушууну каалаган миңдеген АКШ жарандары Украинанын Вашингтондогу элчилигине кайрылышты.

Ыктыярчы аскер болууну каалагандар Вашингтондогу Украина элчилигинин алдында узун кезекке турушту.

Украин дипломаттары ыктыярчылардын эсебин ала баштаганда, элдин көптүгүнөн улам элчилик аскерге чакыруу бөлүмүнө айланды деген пикирлер айтылууда.

Украинанын Аскердик атташеси генерал-майор Борис Кременецкий ыктыярчылар жалданма эмес экенине көңүл буруп, мунун элдин Украинанын боштондук согушуна болгон жакшы ниетинин гана белгиси экенин маалымдады. 

Орусиянын кол салуулары башталган 24-февралдан бери ыктыярчылардан кеминде 6 миң арыз алгандарын билдирген Кременецкий, ыктыярчылардын көбүнүн аскердик тажрыйбасы жок экенин айтты.

Ушул убакка чейин көбү мурдагы аскер болгон 100гө жакын америкалыктын Украинага кеткенин кабарлаган Кременецки, ыктыярчылардын Польша аркылуу өлкөгө өз каражаттары менен бара ала турганын айтты.

АКШ жетекчилери болсо өз жарандарынын Украинадагы согушка барышын каалабай эле. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен: "Биз бир канча убакыттан бери Украинадагы жарандарыбызга өлкөдөн чыгып кетүүнү, ал эми америкалыктарга бул өлкөгө барбоого кеңеш берип жатабыз",-деди.



Тектеш кабарлар