Путин Беннет менен сүйлөштү

Путин менен Беннеттин «Орусиянын Украинада Донбассты коргоо операциясы» темасын талкуулаганы белгиленди.

1792122
Путин Беннет менен сүйлөштү

Орусиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет менен Украинадагы кырдаалды талкуулады.

(Орусиянын Президенттик сарайы) Кремлдин билдирүүсүндө, Путин менен Беннеттин «Орусиянын Украинада Донбассты коргоо үчүн жүргүзгөн операциясы» темасын сүйлөшкөнү белгиленди. 

Билдирүүдө: «Владимир Путин 7-мартта Беларуста орус делегациясы менен украин бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда өткөн сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасына баа берди»,-деп кабарланды.

Эки лидердин бул маселе боюнча диалогду улантууну макулдашканы маалым болду.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар