Орусия кээ бир продукциялардын жана чийки заттардын соодасын чектөөгө даярданууда

Путин тарабынан "Орусиянын өнөр жайын үзгүлтүксүз улантуу үчүн" кол коюлган жарлык өлкөнүн маалымат системасында жарыяланды.

1792216
Орусия кээ бир продукциялардын жана чийки заттардын соодасын чектөөгө даярданууда

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсүнөн айрым продукцияларды жана чийки заттарды экспорттоого жана импорттоого тыюу салууга буйрук берди.

Путин тарабынан "Орусиянын өнөр жайынын ишин үзгүлтүксүз улантуусу үчүн" кол коюлган жарлык өлкөнүн укуктук маалымат системасында жарыяланды.

Айрым продукцияларды жана сырьёлорду соодалоого чектөөлөрдү камтыган жарлыкта: «Өкмөт аныктай турган продукцияларды жана сырьёлорду импорттоо жана экспорттоо боюнча экономикалык чаралар көрүлөт»,-деп айтылды.

Жарлыкта ошондой эле Орусиянын өкмөтүнө бул тыюу салуулардан таасирлене турган өлкөлөрдүн тизмесин түзүү тапшырмасы берилди.



Тектеш кабарлар