Байден: «Биз Орусиядан мунай жана газ импорттоого тыюу салабыз»

Жо Байден Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө Орусия-Украина согушунун 13-күнүндө Москвага кеңири энергетикалык санкциялар киргизилгенин жарыялады.

1792056
Байден: «Биз Орусиядан мунай жана газ импорттоого тыюу салабыз»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден өлкөсүнүн Украина согушуна каршы санкцияларынын алкагында Орусиядан бардык энергетика, мунай жана жаратылыш газ импортуна тыюу салганын жарыялады.

Жо Байден Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө Орусия-Украина согушунун 13-күнүндө Москвага кеңири энергетикалык санкциялар киргизилгенин жарыялады.

АКШнын Орусия экономикасынын артерияларынын бирин бутага алганын белгилеген Байден: «Биз Орусиянын мунай, газ жана энергетикасын импорттоого тыюу салабыз. Орусиянын мунайы мындан ары АКШнын портторуна кабыл алынбайт»,-деди.

«Америка Кошмо Штаттары украиналык качкындар үчүн жоопкерчиликти башка өлкөлөр менен бөлүшөт»,-деп айткан Байден:«Чечимдин натыйжасында АКШда бензиндин баасы жогорулайт. Бирок мен аны тең салмактоо үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Биз АКШнын ишканаларын коргоо үчүн иштөөнү улантабыз. Биз Орусиянын кол салууларына каршы күрөшүп жаткан учурда мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга аракет кылгандарга жол бербейбиз»,-деп билдирүү жасады.

Күйүүчү май баасына байланыштуу эч кимдин тынчсызданбашы керектигин баса белгилеген Жо Байден: «Биз (Орусия президенти Владимир) Путин сыяктуу тирандарга энергетикалык ресурстарды согуш күчү катары колдоно албастыгын көрсөтүшүбүз керек»,-деп айтты.

Орусияны кайра-кайра ок атышпоого чакыргандарын, бирок муну алар эске албагандарын баса белгилеген Байден:«Орусиянын (Украинадагы) илгерилөөсү адамзаттын коркунучтуу драмасына айланып баратат. Путин Украинада эч качан жеңишке жете албайт»,-деди. АКШнын президенти:«Украина эли өзүнүн кайраттуулугу менен Путинге каалаган нерсесин ала албасын көрсөттү. Кудай украин элин колдосун»,-деди.

Британиянын эмгек, энергетика жана өнөр жай стратегиясы министри Кваси Квартенг да анын өлкөсү 2022-жылдын аягына чейин орус мунай жана мунай продуктуларын импорттоодон баш тарта турганын билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага кол сала баштаган.



Тектеш кабарлар