Байден европалык лидерлер менен сүйлөштү

Телеконференция 1 саат 19 мүнөткө созулду.

1791399
Байден европалык лидерлер менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Франция, Германия жана Британиянын лидерлери менен телеконференция өткөрүп, анда Орусия-Украина согушундагы акыркы абал жана Орусияга киргизилген санкцияларды талкуулашты.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Байден Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен 1 саат 19 мүнөткө созулган телеконференция сүйлөшүүсүн өткөрдү.

Сүйлөшүүдө лидерлер Орусия-Украина согушундагы акыркы кырдаалды жана Орусияга киргизилген санкцияларды талкуулашты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар