Лавров: «Өзөктүк согуш биздики эмес, Батыштын сөзү»

Сергей Лавров өлкөсү менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.

1789152
Лавров: «Өзөктүк согуш биздики эмес, Батыштын сөзү»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өзөктүк согуш биздики эмес, Батыштын сөзү деп билдирди.

Сергей Лавров өлкөсү менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу билдирүүсүндө:«Сүйлөшүүлөрдүн кечеңдеши тууралуу бизде эч кандай түшүнүк жок, менимче, алар (украин тарап) Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) директиваларды алып жатышат. Мен Украинанын көз карандысыз эмес экенинен күмөн санабайм, бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек»,- деди.

Батыштын Орусиянын коопсуздугу үчүн эмне керек экенин аныктай албаганын баса белгилеген Лавров: «Орусия Украинанын жеринен келген коркунучтарга көз жумуп коё албайт, мындан ары буга жол бере албайт»,-деп айтты.

«Биз сүйлөшүүлөргө даярбыз. Бирок биз операцияны улантабыз. Орусиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган Украинадагы инфраструктуранын калышына жол бере албайбыз»,-деген Лавров Украинадагы аскердик инфраструктура объектилерин жок кылууну максат кылышкандарын айтты.

Лавров : «Бизди коркуткан курал инфраструктурасын жок кылуу, Украинанын куралсыздануусу тынчтык келишимине кол койсок да акырына чейин уланат. Бул келишимде ушул багытта бир пункт болушу керек»,-деди.

Өз өлкөсүнүн башкалардын кызыкчылыктарын да эске алуу менен тең укуктуу диалогго даяр экенин билдирген Сергей Лавров: «Украина маселеси чечилет деп үмүттөнөм, бул жагынан Орусиянын шарттары минималдуу күтүүлөрдөн турат»,-деди.

Мүмкүн болгон ядролук согуш риторикасынын Орусия тарабынан эмес, НАТО жана Украина тарабынан айтылганын белгилеген Лавров:«Орусия бул маселе боюнча Батыштын провокациялары менен туруксуздукка жол бербейт. Америка Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги бул процессте Орусиядан келген бардык маалыматтын алдын алуу үчүн колунан келген аракетин жасап жатат жана орус маалымат булактары бөгөттөлүүдө»,-деп сереп салды.

28-февралда Беларустун Украина менен чектешкен Гомель облусунда Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн 1-раунду болуп, бирок жыйынтык чыккан жок. Делегациялар сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуулун баштаган.



Тектеш кабарлар