Ковид - 19, дүйнөлүк тынчсыздануу жана депрессия 25 пайызга өстү

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  жарыялаган отчетто эпидемиянын психикалык ооруларга тийгизген таасирин иликтеди.

1789122
Ковид  - 19, дүйнөлүк тынчсыздануу жана депрессия 25 пайызга өстү

Жаңы типтеги коронавирус Ковид – 19 эпидемиясы дүйнө жүзү боюнча тынчсыздануу жана депрессиянын жайылышын 25 пайызга арттырды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  жарыялаган отчетто эпидемиянын психикалык ооруларга тийгизген таасирин иликтеди. Ушуга караганда Ковид  - 19  эң көп жаштардын психологиясына тескери таасир тийгизип, жаштардын арасында жан кечтилик жана өзүнө зыян келтирүүдө чоң катнашта өсүү болгондугун көрсөттү.

Эпидемиянын таасиринен улам аялдардын психикалык саламаттыгы эркектерге караганда көбүрөөк начарласа, астма, рак жана жүрөк оорулары менен жабыркагандарда Ковид-19га байланыштуу психикалык  оорулардын коркунучу жогору экени аныкталды. Ушунун негизинде эпидемия  башталгандан бери глобалдык тынчсыздануу жана депрессиянын көрсөткүчү 25 пайызга өстү.

Ковид  - 19  менен күрөшүүдө чарчаган медициналык кызматкерлеринде да суицид тенденциясы сыяктуу психикалык депрессиялар көбүрөөк байкалган.

Отчетто көз карашына орун берилген Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башкы директору, доктор Тедрос Адхамон Гебрейесус Ковид  - 19дун  дүйнө калкынын психикалык саламаттыгына тийгизген зыяны бир гана айсбергдин учу экендигин баса белгиледи.

Гебрейесус : «Бул абал бардык өлкөлөрдү психикалык саламаттыгына дагы көп маани бериши жана коомдорунун психикалык саламаттыгына байланыштуу колдоо берүү үчүн ойгонууга чакыруу»,- деди.

 



Тектеш кабарлар