Лавров: «Үчүнчү дүйнөлүк согуш кыйратуучу болот»
Сергей Лавров Орусиянын ТАСС маалымат агенттигине маек куруп берди.
1788567
![Лавров: «Үчүнчү дүйнөлүк согуш кыйратуучу болот»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/50e7/f456/0ae3/61ead090bd6bd.jpg?time=1718798490)
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: «Үчүнчү дүйнөлүк согуш өзөктүк мүнөздө жана кыйратуучу болот», - деди.
Сергей Лавров Орусиянын ТАСС маалымат агенттигине берген маегинде, Украинанын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей тургандарын айтып: «Үчүнчү дүйнөлүк согуш өзөктүк мүнөздө жана кыйратуучу болот»,- деп билдирди.
Орусиянын өткөн аптада Украинага "аскердик операция" баштаганын белгилеген Лавров, Киевдин өзөктүк куралга ээ болушун "чыныгы коркунуч" деп сыпаттады.
Тектеш кабарлар
![АКШда өрт жана өзгөчө кырдаал](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2041/66fd/10db/66729aa8e296c.jpg?time=1718798490)
АКШда өрт жана өзгөчө кырдаал
Руидосо шаарына жакын жерде чыккан эки өрттөн улам аймактагы 7800 киши үйлөрүн таштап кетти.