НАСАнын космостук телескобу фотосүрөт жөнөттү

НАСАнын жетекчиси Билл Нельсон билдирүү жасады.

1787693
НАСАнын космостук телескобу фотосүрөт жөнөттү

Америка Кошмо Штаттарынын Авиация жана Космос агенттиги (НАСА) космоско учурулган эң чоң жана эң күчтүү телескоп Жеймс Уэбб тарабынан тартылган фотосүрөттү жарыялады.

Жеймс Уэбб космостук телескобундагы күзгүлөрдү тегиздөө уланып жатканда, НАСА 18 күзгү бир эле чекитке багытталган фотосүрөттү бөлүштү.

Тегиздөө процессинин дээрлик жарымы бүткөрүлгөнү айтылды. 

НАСАнын жетекчиси Билл Нельсон бул темада төмөнкүдөй билдирүү жасады:

"Биз ааламдын сырларын ачууга бир кадам жакындадык. Мен ушул жайда Уэббдин аалам боюнча жаңы маалыматтарын көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам".



Тектеш кабарлар