БУУдагы орус өкүлү : "Украинаны куралдандырбагыла"

Россия Федерациясынын БУУдагы өкүлү Василий Небизиа Украинага НАТО тарабынан жардам берилбеши керектигин жактады.

1787613
БУУдагы орус өкүлү : "Украинаны куралдандырбагыла"

Россия Федерациясынын БУУдагы өкүлү Василий Небизиа Украинага НАТО тарабынан жардам берилбеши керектигин жактады.

Небизиа БУУнун Нью - Йорктогу штаб - квартирасында Башкы ассамблеянын чукул атайын сессиясында сөз сүйлөп «НАТОнун аскерлерин Украинага жайгаштыруунун» кесепеттери тууралуу эскертип : «Бул Россия тарабынан душмандык катары кабыл алына турган кыймыл болот»,- деди.

Россиянын элчиси Украинага каршы баштаган аскердик интервенциянын Россия Федерациясы Кеңешинин санкциясы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясынын 51 - беренесине ылайык ишке ашырылганын, ушул себептен НАТОнун Украинага жардам бербеши керектигин белгиледи.

Украинага бериле турган курал жардамын «уялтуучу жана негизсиз» деп мүнөздөгөн Небизиа жикчил Донбасс аймагына токтолуп : «Коопсуздук кепилдигин сурандык жана талаптарыбызга жооп берилген жок»,- деди.

Бул процессте Украинанын батыш мамлекеттери тарабынан провокацияланганын айткан Небизиа : «Учурдагы душмандары биз эмеспиз, украиналыктар, Украинанын чыгышындагы Донбасс тургундарына каршы  баштатты»,- деди.

Россиянын өкүлү өзгөчө орус аскерлерин каралоо үчүн медиа согушу жүрүп жаткандыгын жана бул тууралуу «миллиондогон фейк кабарлардын» берилгендигин айтты.

Россиянын аскерлери 24 -  февралда Украинага кол салуу баштаган.

 



Тектеш кабарлар