Евровидениенин жеңүүчүсү Жамала Украинадан Румынияга баш калкалады

Жамала cоциалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.

1786937
Евровидениенин жеңүүчүсү Жамала Украинадан Румынияга баш калкалады

Eurovision-2016 (ыр сынагынын) жеңүүчүсү, крымдык түрк ырчы Жамала эки баласы менен Украинадан Румынияга баш калкалады.

Социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасаган Жамала: «Орусиядан келген баскынчылардын Украинага кол салганына 5 күн болду. 24-февралда түн ичинде Киевден (Украинанын борбору) балдар менен жөнөдүк. Тамактанбай, машинада дээрлик 4 күн болдук. 4 саатта 2 километрге жакын жолду басып өттүк. "Эмне үчүн?" деп сурашыңыз мүмкүн. Ооба, миллиондогон аялдар жана балдар бардык нерсесин, үйлөрүн таштап кетишүүдө. Күйөлөрүн таштап, балдарын октон коргош үчүн качууда. Украина чоң, кооз жана көз карандысыз»,- деди.
Үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун билдирген Жамала: "Эң негизгиси, мен бул кандуу террорду түшүнбөйм. Бул так эле терроризм. Бул террор мени Киевдеги үйүмдөн кууп чыкты. Анда эмне кыласың? Сен ошол жерде жашайсыңбы? деп сурасаңыз. Жок, мен андай деп ойлобойм",-деп айтты. 

 



Тектеш кабарлар