Европа Парламенти кезексиз жыйында чогулат
Европа Парламентинен берилген маалыматта Европа Парламентинин спикери Роберта Мецола жана парламенттеги саясий топтордун жетекчилеринин 1 - мартта кезексиз сессия өткөрүүнү чечкени билдирилди.
Европа Парламенти Россиянын Украинага кийлигишүүсүн сүйлөшүү үчүн кезексиз чукул жыйын өткөрөт.
Европа Парламентинен берилген маалыматта Европа Парламентинин спикери Роберта Мецола жана парламенттеги саясий топтордун жетекчилеринин 1 - мартта кезексиз сессия өткөрүүнү чечкени билдирилди.
Россиянын Украинага карата агрессиясы айыпталган билдирүүдө бул сөздөргө орун берилди : "Украина көз карандысыз, эгемендүү өлкө жана анын аймактык бүтүндүгүн сүйлөшүү мүмкүн эмес. Оккупация легитимсиз жана мыйзамсыз. Бул Европанын туруктуулугуна жана аймактык стабилдүүлүккө, ошондой эле эрежеге негизделген дүйнөлүк тартипке коркунуч туудурат. Кол салуу биздин демократиялык коомдун моделине багытталган. Бул жагдай жазасыз калбайт".
Европанын жана эл аралык коомчулуктун Россиянын агрессиясына каршы жообун колдой турганы белгиленип, Кремль администрациясынын иш - аракеттерден жооптуу болушу керектиги баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.