Саид : "Африка өлкөлөрүнүн тонолгон байлыктарын кайтырап бергиле"

Брюсселде  өткөн Европа Биримдиги -  Африка Биримдигинин саммитине катышкан президент Саид медиа кызматкерлерине маалымат берди.

1781214
Саид  : "Африка өлкөлөрүнүн тонолгон байлыктарын кайтырап бергиле"

Тунистин президенти Кайс Саид Африка өлкөлөрүнүн тонолгон байлыктарын кайтарып берүүгө чакырды.

Тунистин президенттик социалдык медиа эсебинен жарыяланган видеого караганда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде  өткөн Европа Биримдиги -  Африка Биримдигинин саммитине катышкан президент Саид медиа кызматкерлерине маалымат берди. 

Маалыматта өлкөнүн атын атабаган Саид : "Африка өлкөлөрүнүн тонолгон байлыктарын  кайтарып бергиле. Африка элдеринен алынган байлык жана акчалардын начар шарттар болуп жаткан бул мезгилде Африка өлкөлөрүнө кайтарылып берилиши керек",- деди. 

Африка континентинде социалдык, экономикалык жана саясий абалдын начарлашынын чыныгы себептерин жоюу керек экендигин баса белгилеген Саид : "Биздин мамилебиз Европа Биримдиги менен Африка Биримдиги   өлкөлөрүнүн ортосунда теңдик жана чынчылдыктын негизинде жаңы мамилелерди куруу.  Африка өлкөлөрү менен дагы ушундай мамиле кылуу акылга сыйбайт."

 

 



Тектеш кабарлар