Лавров-Блинкен сүйлөшүүсү

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

1777602
Лавров-Блинкен сүйлөшүүсү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Лавров Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө АКШ жана анын союздаштары Украинага каршы «Орусиянын агрессиясы» боюнча баштаган кампания чагымчыл максаттарды көздөгөнүн белгиледи.

Лавров бул кампания Киев бийлигин Минск келишимдерин бузууга жана Донбасстагы жаңжалды күч менен чечүүгө карай зыяндуу аракеттерге түрткөнүн белгилеп, Вашингтон жана Брюсселдин Орусия-Америка келишими жана коопсуздук кепилдиктери боюнча НАТО менен келишим долбоорлоруна реакциясынын альянстын кеңейтилбөөсү баш болгон Орусия үчүн чечүүчү жоболорду этибарга албаганын билдирди.

Анда АКШ менен НАТОдон келип түшкөн жана бериле турган документтерди баалоонун борборунда бул маселелер боло турганы баса белгиленди.

Лавров Евроатлантикалык аймактагы коопсуздуктун бөлүнбөстүгү боюнча эң жогорку деңгээлдеги милдеттенмелерди бузган аракеттердин кабыл алынгыс экенин эске салды.

Телефондогу сүйлөшүүдө тараптар учурдагы эки тараптуу мамилелерге да токтолушту.



Тектеш кабарлар