Иракта шиит лидер Садр өкмөт сүйлөшүүлөрүн токтотту
Хасан Азари президенттик шайлоо үчүн парламентте 7 - февралда боло турган жыйынды да бойкот кылышарын айтты.
Ирактагы шайлоодо жеңишке жетишкен шиит лидери Муктада эс - Садрга караштуу Садр тобу өкмөттү куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотууну жана парламенттеги президенттик шайлоо сессиясын бойкот кылуу чечимин чыгарды.
Садр кыймылынын фракция тобунун жетекчиси Хасан Азари өткөргөн пресс - жыйында : «Лидерибиз Муктеда эс- Садырдын көрсөтмөсүнүн негизинде бардык саясий топтор менен өкмөттү куруу сүйлөшүүлөрүн токтотуу чечимин чыгардык»,- деди.
Азари президенттик шайлоо үчүн парламентте 7 - февралда боло турган жыйынды да бойкот кылышарын айтты.
Иранга болгон мамилеси менен белгилүү шиит лидер Садрдын тобу 2021 - жылы 10 - октябрда болгон жалпы шайлоодо 329 орундуу парламентке 73 депутат жиберип шайлоодон жеңиш менен чыккан.
Садр өзгөчө Күрдистан демократиялык партиясы жана суннилер менен өкмөт куруу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жаткан.