Япония Тонгага чукул жардам жиберет

Япония өткөн айда жанар тоо жарылган Түштүк Тынч океандагы арал өлкө Тонгага 2, 44 миллион доллар чукул жардам жиберет.

1773842
Япония Тонгага чукул жардам жиберет

Япония өткөн айда жанар тоо жарылган Түштүк Тынч океандагы арал өлкө Тонгага 2, 44 миллион доллар чукул жардам жиберет.

Япониянын тышкы иштер министри Хаяши Йосимаса өлкөсүнүн Тонгага жардам жөнөтүү чечимин жарыялады.

«Тонганын реконструкциясы жана калыбына келиши үчүн эң кыска убакытта жардамыбызды улантабыз»,-деген Хаяси өлкөсүнүн жардам темасында эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта боло турганын айтты.

Хаяси ичүүгө боло турган суу, вулкандык күлдөрдү тазалоо каражаттарын ташыган Япония деңиз коргонуу күчтөрүнө таандык «Осуми» жүк ташуучу кемесинин дакелерки күндөрдө арал өлкөсүнө барарын айтты.

Өкмөттүн чечимине ылайык, Япония арал өлкөгө 2 миллион 440 миң доллар жардам көрсөтөт. Жардам тамак - аш, санитардык - техникалык каражаттар жана телекоммуникациялык жабдуулардан турат.

Тынч океандагы 170тей аралдан турган Тонганын борбору Нукуалофадан 65 километр түндүктө жайгашкан жанар тоо өткөн айда күл, буу жана газ чачырата баштаган.

Жарылуудан кийин Тонга, Жаңы Зеландия, АКШ, Канада, Чили жана Япония үчүн цунами коркунучу тууралуу эскертүүлөр берилип, цунами Тонгадагы дээрлик бардык аралдарды каптады.



Тектеш кабарлар