Нигерияда мунай танкеринде жарылуу болду

Азырынча жарылуудан жабыркагандардын болуп же болбогондугу тууралуу маалымат жок.

1773117
Нигерияда мунай  танкеринде жарылуу болду

Батыш Африка өлкөсү Нигерияда 2 миллион баррель мунай ташыган кемеде жарылуу болду.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, кемедеги жарарылуу  Нигериянын жээгиндеги Укпокити мунай кенинде, Нигер дельтасына жакын Эскравос терминалына жакын жерде болгон.

Азырынча жарылуудан жабыркагандардын болуп же болбогондугу тууралуу маалымат жок.

Окуя болгон жерге издөө - куткаруу топтору жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар