Эл аралык банктар Ооганстанга акча которо алат

АКШнын Каржы департаменти Ооганстандагы башкарууну кармап турган талибдтерге каршы санкцияларды жана бул өлкөгө жардамдар үчүн киргизилген жеңилдиктерди түшүндүрдү.

1772990
Эл аралык банктар Ооганстанга акча которо алат

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) эл аралык банктардын гуманитардык жардам максатында Ооганстанга акча которо аларын билдирди.

АКШнын Каржы департаменти Ооганстандагы башкарууну кармап турган талибдтерге каршы санкцияларды жана бул өлкөгө жардамдар үчүн киргизилген жеңилдиктерди түшүндүрдү.

Эл аралык банктардын гуманитардык жардам максатында талибдерге каршы санкцияларды бузуудан кабатырланбастан Ооганстанга акча которо ала тургандары, АКШ жана чет өлкөлөрдөгү фирмалардын Ооганстанга азык-түлүк жөнөтө алары белгиленген билдирүүдө, банктардын болсо тамак-аш ташууга байланыштуу акча которууларды жана берки иштерди жүргүзө алары айтылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, Ооганстанда калктын жарымынан көбү ачарчылыкта жана гуманитардык жардамга муктаж.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш экономикасы кыйроо коркунучунда турган Ооганстандын тоңдурулган валюта резервдерин бошотууга чакырды.



Тектеш кабарлар