НАТО Орусиянын сунуштарына ушул аптада жооп берет

Столтенберг CNN телеканалына берген маегинде, Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин сунуштарына жооп күткөндөрүн жарыялоосунан кийин НАТОнун жазуу түрүндөгү жооп сунушун ушул аптада жөнөтө тургандарын айтты.

1768344
НАТО Орусиянын сунуштарына ушул аптада жооп берет

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын НАТОго өткөн айда берген келишим сунушуна ушул аптада жазуу түрүндө жооп берерин айтты.

Столтенберг CNN телеканалына берген маегинде, Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин сунуштарына жооп күткөндөрүн жарыялоосунан кийин НАТОнун жазуу түрүндөгү жооп сунушун ушул аптада жөнөтө тургандарын айтты.

Столтенберг: «Учурда биз сунуштарыбызды, жазуу жүзүндөгү текстти жыйынтыктап жатабыз. Биз аны ушул аптада аларга жөнөтөбүз. Муну Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен параллелдүү жасайбыз, анткени АКШ бир нече жума мурун келишим сунушун алган. Бизге да ушундай эле долбоор келип түшкөн. Биз отуруп негизги темаларын сүйлөшүүгө даяр экендигибизди айтабыз»,-деди.

Столтенберг НАТОнун курал-жарактарды көзөмөлдөө, куралсыздануу, аскердик иш-аракеттердин ачыктыгы, тобокелдиктерди азайтуу механизми жана Европанын коопсуздугуна байланыштуу башка маселелер боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

«Биз Орусиянын тынчсыздануусун угууга даярбыз»,-деп айткан Столтенберг Украина-Орусия кризисинин чечилиши үчүн «дагы деле дипломатиялык жол бар» экенин баса белгиледи.

Столтенберг бул үчүн Орусия чыңалууну басаңдатып, НАТО менен ак ниеттүү жолугушууга даяр болушу керектигин белгиледи.

Столтенберг: «НАТО Украинага согуштук аскерлерин киргизбейт. Бирок биз даяр экенибизге жана бардык шериктештерди, өзгөчө альянстын чыгышындагы бардык шериктештерибизди коргоого биздин милдеттенмебиз боюнча жаңылыш түшүнбөстүктөр болбошуна ынанышыбыз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар