Казакстандагы нааразылык акциялары урандын баасын көтөрүүдө

Дүйнөнүн эң ири нефть экспорттоочуларынын арасында орун алган өлкөдө 26 уран кени бар.

1758318
Казакстандагы нааразылык акциялары урандын баасын көтөрүүдө

Урандын дүйнөлүк баалары дүйнөлүк өндүрүштүн 40 пайыздан көбүн түзгөн Казакстандагы окуялардан кийин 8 пайызга өстү.

Казакстандагы нааразылык акциялары глобалдык өзөктүк отун рыногуна таасирин тийгизүүдө.

Өзөктүк отун рыногун изилдөө жана анализдөө фирмасы UxCтын маалыматтарына караганда, шаршемби күнү эл аралык рыноктогу урандын баалары андан мурунку күнү катталган 42 доллардан 45, 25 долларга жогорулады.

Британияда  өлкөнүн эң ири өндүрүүчүсү «Казатомпромдун» акциялары 11 пайызга арзандады.

Түндүк Америкадагы жана Австралиядагы көпчүлүк уран компаниялары сатып алууларын кеңейтишти.

Казакстан дүйнөдөгү эң ири энергетикалык державалардын бири.

Дүйнөнүн эң ири нефть экспорттоочуларынын арасында орун алган өлкөдө 26 уран кени бар.



Тектеш кабарлар