Ирандагы селде 9 адам каза болду

Нөшөрлөгөн жамгыр Симнан аймагынан башка жалпы өлкөдө 101 шаар менен 309 аймакка тескери таасирин тийгизди.

1757728
Ирандагы селде 9 адам каза болду

Ирандын түштүгүндө болгон сел апаатында каза болгондордун саны 9га жетти.

Иран Студенттер маалымат агенттигинин (ISNA) билдиргенине караганда, Ирандын Улуттук кризисти башкаруу бөлүмүнүн башчысы Исмаил Нежжар өлкөнүн түштүгүндөгү сел апааты тууралуу маалымат берип : «Акыркы күндөрдө болгон сел жана жааган жамгырда Фарс провинциясында 5, Кирманда 2, Систан - Белужистан провинциясында 2 жараныбызды кошкондо 9 жараныбыз каза болду»,-  деди.

Нөшөрлөгөн жамгыр Симнан аймагынан башка жалпы өлкөдө 101 шаар менен 309 аймакка тескери таасирин тийгизгендигине токтолгон Нежжар Батыш Азербайжан, Эрдебил, Исфахан, Бушехр, Казвин, Фарс, Кирман, Кохгилуйе - Буйер Ахмед, Чахармахал - Бахтияр, Зенжан, Систан  -  Белучистан, Хузистан, Түштүк Хорасан, Лористан, Мазандеран, Хормузган жана Йезд сыяктуу 17 облуста жарандарга жардам материалдарын жеткирүү иштерин улантып жаткандарын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар