Ливиянын Жогорку шайлоо комиссиясынан шайлоонун датасына байланыштуу жаңы сунуш талап кылынды

Өкүлдөр палатасынын басма сөз катчысы Абдуллах Булейхык шайлоонун кийинкиге жылдырылышынын себебин жана шайлоо процесси боюнча өткөрүлгөн сессиянын токтотулганын билдирди.

1756584
Ливиянын Жогорку шайлоо комиссиясынан шайлоонун датасына байланыштуу жаңы сунуш талап кылынды

 

Ливиянын Өкүлдөр палатасы  Жогорку шайлоо комиссиясынан шайлоонун датасына байланыштуу жаңы сунушту талап кылды.

Өкүлдөр палатасынын басма сөз катчысы Абдуллах Булейхык шайлоонун кийинкиге жылдырылышынын себебин жана шайлоо процесси боюнча өткөрүлгөн сессиянын токтотулганын билдирди.

Булейхык белгилегендей, Өкүлдөр палатасы өткөргөн сессияда форс-мажордук жагдайларды жоюу жана жаңы шайлоо күнүн аныктоо үчүн Жогорку шайлоо комиссиясынын өлкөдөгү бардык тараптар менен байланышка чыгышы керек деген жыйынтыкка келгенин билдирди.

«Жогорку шайлоо комиссиясы тез арада жаңы сунуш менен Эл өкүлдөр палатасына кайрылуусу керек»,-деп айткан Булейхык, Өкүлдөр палатасы  бул сунуш менен сессиясын токтотту деп билдирди.

Ливиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын төрагасы Имад эс-Сайих сессияда сүйлөгөн сөзүндө кээ бир форс-мажорлордун шайлоонун өтүшүнө тоскоол болгонун айткан. Сайих бул себептердин арасында «карама-каршы болгон сот чечимдери жана мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кийин чыгарылган чечимдер» менен коркутуулар болгонун белгиледи.

2020-жылдын ноябрында БУУ жетектеген Ливия Саясий диалог форумунун жыйындарында өлкөдө президенттик жана парламенттик шайлоону 2021-жылдын 24-декабрында өткөрүү чечими кабыл алынган, бирок Өкүлдөр палатасы менен Мамлекеттик Жогорку Кеңештен турган тараптар шайлоонун укуктук инфраструктурасын аныктай турган мыйзам боюнча бир пикирге келе алган жок.

Ливиянын Улуттук Жогорку шайлоо комиссиясы шайлоонун мыйзамдуу көйгөйлөрдөн улам мурда пландалгандай 2021-жылдын 24-декабрында өткөрүлбөй турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар