Пайдасыз тамак - аш экологияга да зыян келтирет
Эксперттер көп жылдар бою гамбургер, фри, пицца сыяктуу тамак - аштардын ден соолукка тийгизген зыянына көңүлдөрдү бурушууда.

Эксперттер көп жылдар бою гамбургер, фри, пицца сыяктуу тамак - аштардын ден соолукка тийгизген зыянына көңүлдөрдү бурушууда.
Австралия менен Жаңы Зеландия илимпоздорунун изилдөөсүнө караганда кайра иштетилген, канттуу, майлуу жана куурулган тамактар да экологияга да зыян келтирүүдө.
Изилдөө үчүн тамак - аш өндүрүү процесстеринин экологияга тийгизген таасири тууралуу 20 илимий эмгектин маалыматтары колдонулду. Адамдын ден соолугу үчүн зыяндуу экендиги белгиленген тамак - аштардын экология жана климаттын өзгөрүшүнө тескери таасирин тийгизгендиги байкалды.
Мындай тамак - аштарды өндүрүү процессинде башка тамак - аштарга караганда дагы көп парник газын чыгарууга жол ачууда. Кайрадан иштетилген тамак - аштардын пакеттелишинде колдонулган материалдар да жаратылышта метан загын чыгарууда. Тамак - аш керектөө дүйнөлүк көмүр кычкыл газынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт.
Жаңы Зеландиянын маалыматтарына ылайык, эт, деңиз азыктары жана жумурткадан жасалган тамак-аш өндүрүшү бардык азык-түлүк эмиссиясынын 35 пайызын түзөт.
Кондитердик азыктар сыяктуу кайра иштетилген тамактар да көмүртектин интенсивдүү чыгарылышын шарттайт.
Адамдын ден соолугун жана экологияны коргоо үчүн пайдалуу тамак - аштарды колдонууну сунуш кылган адистер, антпесе дүйнө калкынын азык - түлүккө болгон муктаждыгы канааттандырылбай, климаттык каатчылык мындан да жаман өлчөмгө жетиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Тектеш кабарлар

Кирбинин сөздөрү социалдык тармактарда реакцияга кабылды
Кирби Ак үйдөгү пресс-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берди.