Кумбре Вьеха жанар тоосунун лавалары 4-багыттан деңизге жетти

Эксперттер жанар тоонун кыска мөөнөттө өчүп калышын күтүшпөйт.

1737325
Кумбре Вьеха жанар тоосунун лавалары 4-багыттан деңизге жетти

Испаниянын түштүк батышындагы Канар аралдары тобунан Ла-Пальмада 19-сентябрдан бери активдүү болгон Кумбре Вьеха жанар тоосу чачкан лавалар 4-багыттан деңизге агып баштады.

Ла-Пальма аралынын жергиликтүү өкмөтү, лаванын жаңы батыттан деңизге агымы менен башталган газдын жайылышынан улам 3 миңден ашуун кишиге таасир эткен төрт отурукташуу жергесинде коменданттык саат киргизилгенин жарыялады.

Канар аралдарынын Вулкандык чукул кырдаалды пландаштыруу агенттиги да абанын булганышы жана газдын жайылышына байланыштуу калкка зарылчылык болбосо үйлөрүнөн чыкпоону, терезе жана эшиктерди жабык кармоону сунуштады.

Бир тараптан Европа Биримдигинин спутниктен көрүү системасы (Коперник) тарабынан жаңыланган көрсөткүчтөрдө, аймактагы жанар тоонун лаваларынын каптаган аянтынын 1065 гектарга жеткени белгиленди.

Лавалар көпчүлүгү үйлөр болгон 2651 имараттын талкаланышына, 95 имараттын жарым-жартылай бузулушуна алып келди.

Аймактагы 80 километрдик жолду каптаган лаванын деңизге агышы менен аралдын жээгинде пайда болгон платформанын кеңдиги 43 гектарга жетти.

Жанар тоонун оозунан күн сайын 900-1300 тонна күкүрт кычкыл газынын жайылышы уланууда.

Ла-Пальмада 900 миллион еврого жакын зыян келтирген жана 7 миңге жакын адамды үй-жайсыз калтырган Кумбре Вьеха жанар тоосу аралдын тарыхындагы эң узак активдүү жанар тоо болуп калды.

Эксперттер жанар тоонун кыска мөөнөттө өчүп калышын күтүшпөйт.

Жанар тоо активдешкенден бери аралда 5200дөн ашык жер титирөө болду.



Тектеш кабарлар