Динозаврдан дүйнө лидерлерине билдирүү
Кампаниянын алкагында жарыяланган динозавр видеосу социалдык тармактарда жактырылды.
1725804
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү агенттиги мунай жана көмүр сыяктуу казылып алынган отундардын адамдарга жана экологияга тийгизген таасирине көңүл буруу үчүн «Жок болууну тандоо" кампаниясын баштады.
Кампаниянын алкагында жарыяланган динозавр видеосу социалдык тармактарда жактырылды.
Кыска видеодо ткуму жоголуп бара жаткан динозавр Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, күйүүчү майлардан алыс болууга жана "жок болууну тандабоого" чакырууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү агенттигинин изилдөөсүнө ылайык, жакыр өлкөлөргө климаттык кризис менен күрөшүү үчүн зарыл болгон ар бир 1 доллар үчүн катуу күйүүчү отундарды каржылоого 4 доллар коротулууда.