АКШда мечитке кол салуу болду
АКШнын Мичиган штатында бир мечитке жасалган кол салуу тынчсызданууга жол ачты.
АКШнын Мичиган штатында бир мечитке жасалган кол салуу тынчсызданууга жол ачты.
Детройт штатындагы Рочестер - Хиллз шаарындагы мечитке шам намазынан кийин ичкериде балдар ойноп жатканда жасалган кол салуу мечиттин жамаатын жана үй - бүлөлөрдүн тынчын алды.
Күбөлүгү аныктала албаган кол салуучунун бир курал менен мечиттин каалгасы менен айнектерин сындырышы коопсуздук камераларына тартылган. Мечиттин кызматкери Мухаммед Ахмед жергиликтүү медиага маалымат берип : «Үрөй учурган окуя. Анткени ал жерде аялдар менен балдар болгон. Негизинен бул маалада биз өзүбүздү коопсуз сезебиз бирок бул окуя баарын, өзгөчө да балдарды коркутту. Мындан кийин мечитке келүүнү каалашпайт»,- деди.
Полиция окуяны иликтөөнү улантып жатканын билдирди.
Мечиттин кызматкерлери 1980 - жылы Детройт штатындагы мечиттердин өрттөлүп, бир адамдын өлтүрүлүшү менен 2008 – жылы коопсуз деп эсептеген Рочестер Хиллске көчүп келишкенин бул окуяга чейин жаңы мечиттеринде бир канча оозеки сөз айтуунун тышында мындай кол салуунун болбогондугун билдиришти.