Гутерриш: «Ооганстан боюнча конференцияда 1,1 миллиард доллар каражат убада кылынды»

Гутерриш Ооганстан конференциясы Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинде уланып жатканда маалымат жыйынын өткөрдү.

1705892
Гутерриш: «Ооганстан боюнча конференцияда 1,1 миллиард доллар каражат убада кылынды»

Гутерриш: «Ооганстан боюнча конференцияда 1,1 миллиард доллардан ашык каражат убада кылынды»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Швейцариянын Женева шаарында өткөн "Ооганстандагы гуманитардык абал" аттуу эл аралык конференцияда 1,1 миллиард доллардан ашык кайрымдуулук убада кылышканын билдирди.

Гутерриш Ооганстан конференциясы Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинде уланып жатканда маалымат жыйынын өткөрдү.

"Бул конференция Ооганстан эли менен тилектештик күтүүлөрүмдү толугу менен аткарды»,-деп айткан Гутерриш бул конференцияга өкмөттөр эле эмес, бейөкмөт уюмдар (НПО) жана эл аралык уюмдардан да чоң катышуу болгонун айтты.

Гутерриш конференциянын ишине жарымы министрлер деңгээлинде болгон 96 мамлекет, 33 эл аралык жана регионалдык уюмдар жана 22 эл аралык бейөкмөт уюмдар катышканын билдирди.

Эл аралык коомчулуктун конференцияда ооган элине гуманитардык жардам берүү механизмин активдештирүү аракетине кубанычта экенин билдирген Гутерриш, алар дагы 1,1 миллиарддан ашуун кайрымдуулук убада кылышканын айтты.

Гутерриш кайрымдуулуктун так саны бүгүн аяктай турган конференциянын жыйынтыгынан кийин белгилүү болорун билдирди.

Ооганстан эли чоң гуманитардык кырсыкка кабылганын белгилеген Гутерриш, эгер Ооганстандын экономикасы кыйраса, гуманитардык жардам гана өлкөнү сактап калбасын эскертти.

Гутерриш талибдер гуманитардык жардам боюнча жазуу жүзүндө кепилдик бергени тууралуу маалыматын бөлүштү жана мындай деди: «Талибан биздин бардык аймакка кирүүбүзгө кепилдик гана бербестен, кооптуу аймактарга келген БУУнун кербендеринин коопсуздугун камсыздоону да милдеттендирди. Андыктан биздин кызматкерлердин коопсуздугу үчүн негизги камкордугубуз эске алынды жана алар кандайдыр бир дем -күч беришти».

Бүгүн башталган конференциянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Гутерриш эл аралык коомчулукка кайрылып, 2021 -жылдын калган мезгилинде Ооганстанда болжол менен 11 миллион адамга 606 миллион доллар гуманитардык жардам сурады.



Тектеш кабарлар