Британия менен Бельгия да Ооганстандагы жарандарын эвакуациялоодо

Британия Кабулга дагы 200 аскерин жөнөтөт.

1692605
Британия менен Бельгия да Ооганстандагы жарандарын эвакуациялоодо

Британия Ооганстандагы британ жарандарын жана алар үчүн иштеген афгандарды эвакуациялоого көмөктөшүү үчүн борбор шаар Кабулга дагы 200 аскерин жөнөтөт.

Коргоо министрлиги Кабулдагы эвакуацияга көмөктөшүү үчүн Ооганстанга дагы 200 жоокер жөнөтүлөрүн, муктаждык болгон учурунда болсо дагы көбүрөөк аскерлердин жайгаштырыларын билдирди.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб да иш-аракеттердин Ооганстандагы британ жарандарын жана алар үчүн иштеген афгандарды эвакуациялоого багытталганын билдирди.

Бүгүн 150 британиялык жарандын Кабулдан Британияга алып барыла турганын баса белгилеген Рааб, жакынкы күндөрдө буга дагы 350 кишинин кошуларын жарыялады.

Рааб ошондой эле Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль-Тани жана Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Ооганстандагы абалды талкуулады.

Бул учурда Бельгия да аскерлеринен кийин Афганистандагы жарандарынын өлкөгө кайтып келүүсүн камсыздап жатат.

Тышкы иштер министри Софи Уилмес Твиттердеги баракчасынан, 100гө жакын бельгиялыктар жана афган үй-бүлө мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаганын билдиргенин айтты.

Уилмес 4 аскердик учактын эвакуациялоо операциясы үчүн мүмкүн болушунча тез арада Кабулга жөнөй турганын маалымдады. 



Тектеш кабарлар