Ооган күчтөрү талиптерге тарттырып жиберген аймактардын саны 10го жетти

Тарыхый Газни шаарынын борборундагы көзөмөл толугу менен Талибанга өткөнү билдирилди.

1689934
Ооган күчтөрү талиптерге тарттырып жиберген аймактардын саны 10го жетти

Ооган өкмөттүк күчтөрү талиптерге тарттырып жиберген провинция борборлорунун саны 10го жетти.

Газни облустук кеңешинин төрагасы Насир Ахмад Факири өз билдирүүсүндө, өлкөнүн түштүк провинцияларын Кабулга байланыштырган жолдо жайгашкан тарыхый Газни шаарынын борборундагы көзөмөл толугу менен Талибанга өткөнүн айтты.

Ахмад Факири коопсуздук күчтөрү облустун борборунан чыгып кеткенин белгиледи.

Акыркы 7 күндө ооган өкмөттүк күчтөрү тарттырып жиберген провинция борборлорунун саны Газни менен бирге 10го жетти.

Кечээ өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан облусунун борбору Фейзабад шаары талиптердин көзөмөлүнө өткөн болчу.

Баглан жана батыштагы Фарах облустарынын борборлору да акыркы күндөрү талиптер басып алган аймактардын арасында эле.



Тектеш кабарлар