Нигерияда барымтага алынган 32 адам куткарылды
Бул тууралуу коргоо министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Бернард Онюко билдирди.
Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүк -чыгышында террордук уюм Боко Харам барымтага алган 32 аял жана бала куткарылды.
Коргоо министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Бернард Онюко армиянын Борно штатындагы Бама жана Дамбоа аймактарында Боко Харамга каршы операцияларды жүргүзгөнүн айтты.
Онюко операцияларда 10 аял жана 22 баланын куткарылганын белгиледи.
Операцияларда 28 террористтин да кармалганын белгилеген Онюко логистикалык материалдардын жок кылынганын, террористтерге таандык унаалар, мотоциклдер жана бир топ ок -дарынын колго түшүрүлгөнүн айтты. Ал арада барымтадагылардын качан уурдалганы тууралуу маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы
Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.