Путин менен Байден сүйлөштү

Жо Байдендин Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу Ак үйдөн жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

1673002
Путин менен Байден сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байден Россиянын президенти Владимир Путин менен Сириядагы качкындарга гуманитардык жардам жана АКШда Республикалык партиянын маалымат базасына каршы Россия тарабынан жасалгандыгы айтылган кибер чабуулдарды талкуулады.

Жо Байдендин Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу Ак үйдөн жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө: «Лидерлер бүгүн (кечээ) Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Сирияга чек аранын тышынан гуманитардык жардамдын бир добуштан жаңыланышына өбөлгө түзгөн АКШ-Россия саммитинен кийин эки өлкөнүн тийиштүү топторунун биргелешкен иш-аракеттерине канааттанышты», деп айтылды.

Байдендин Путин менен россиялык топтордун АКШга жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жасаган кибер чабуулдары жөнүндө да сүйлөшкөндүгү белгиленген билдирүүдө: «Президент Байден, Россиянын хакерлердин иштешине тоскоол болуу үчүн чара көрүшү керектигин баса белгилеп, хакерлер тарабынан келтирилген кеңири коркунучка каршы турууга чечкиндүү экендигин айтты. Президент Байден Америка Кошмо Штаттары өз элин коргоо үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын жасай тургандыгын кайталады», деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар