Байден: «Ооганстандагы аскердик миссиябыз 31-августта аяктайт»

Байден АКШнын Ооганстандан чыгып кетишине байланыштуу өткөргөн маалымат жыйынында анын өлкөсү Ооганстанга улут куруу үчүн басып кирбегенин жүйө келтирди.

1672478
Байден: «Ооганстандагы аскердик миссиябыз 31-августта аяктайт»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден өз өлкөсүнүн Ооганстандагы аскердик миссиясы 31-августта аяктай тургандыгын жарыялады.

Байден АКШнын Ооганстандан чыгып кетишине байланыштуу өткөргөн маалымат жыйынында анын өлкөсү Ооганстанга улут куруу үчүн басып кирбегенин жүйө келтирди.

11-сентябрдагы кол салууга күнөөлүүлөр жана Усама Бин Ладен үчүн Ооганстанга кирилген деп айткан Байден:«Биздин Ооганстандагы миссиябыз 31-августта аяктайт. Талибан 2001-жылдан бери аскерий жактан эң күчтүү. Эгер биз ошол жерде калсак, биздин аскерлерге көбүрөөк кол салынмак»,-деди.

Чыгуу чечимин коргогон жана 20 жыл оккупациядан кийин Ооганстанда дагы кала берсе ишке жарабай тургандыгын айткан Байден мындай деди: «Дагы миңдеген америкалык кыздар менен эркек балдарды тобокелге салууга даярсыңар. Алардын ал жакта канчага чейин болушун каалайт элеңер? Бизде буга чейин 20 жыл мурун ата-энеси Ооганстанда согушкан жоокерлер бар. Алардын балдары менен неберелерин да жөнөтмөк белеңиз? 20 жыл өткөндөн кийин, Ооганстандын Улуттук коопсуздук жана Коргонуу күчтөрүн машыктырууга жана жабдууга жумшалган бир триллион доллар, 2448 америкалык каза болуп, 20722 аскер жаракат алды жана миңдеген аскерлер үйүнө болуп көрбөгөндөй психикалык саламаттыгына байланыштуу травма менен кайтып келишти. Жаңы муунду башкача жыйынтыкка келмейинче Ооганстандагы согушка жибербейм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар