Япониядагы жер көчкүнүн кесепети

Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө дагы 3 адамдын сөөгү табылып, каза болгондордун саны 7ге жеткени кабарланды.

1671304
Япониядагы жер көчкүнүн кесепети

Японияда 7 адамдын өмүрүн алган сел жана жер көчкүнүн 5-күнүндө издөө-куткаруу иштери улантылып жатат.

Япониянын борбору Токионун түштүк-батышындагы Шизуока облусуна караштуу Атамиде 3-июлда болгон табигый кырсыктан улам кеминде 130 үй кыйрады.

Шаардын жетекчилери издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө дагы 3 адамдын сөөгү табылып, каза болгондордун саны 7ге жеткенин кабарлашты.

Сел жана жер көчкүдөн кийин шаарда 20дан ашуун адам дайынсыз деп болжолдонууда.

Атамиде табигый кырсык болгон аймактарда өрт өчүрүүчүлөр, полиция жана аскер бөлүктөрүнөн турган издөө-куткаруу топтору топурактын астында калгандарды издеп жатышат.


Этикеткалар: #сел жана жер көчкүн

Тектеш кабарлар