Россиядагы авиакырсыктан аман калгандар жок
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, кырсыкка кабылган АН-26 үлгүсүндөгү учактагы бардык жүргүнчүлөрдүн каза болгонун билдирди.
![Россиядагы авиакырсыктан аман калгандар жок](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5249/d933/c7db/56fa60be9aa2b.jpg?time=1718521646)
Россиянын алыскы чыгышындагы Камчатка жарым аралында 28 адам менен кулаган учакта аман калгандардын жок экени маалымдалды.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, кырсыкка кабылган АН-26 үлгүсүндөгү жүргүнчү учактагы бардык жүргүнчүлөрдүн каза болгонун билдирди.
ТАСС маалымат агенттиги Россиянын АН-26 тибиндеги учагы конууга даярданып жатканда аба кыймылын башкаруу борбору менен байланышын үзгөнүн кабарлады.
Учакта 22 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Аймакта тик учактар жана учактар менен издөө-куткаруу иштери башталган.
ТАСС маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Палана айылынан 4 км алыстыкта кыйроого учураган калдык табылды.
Калдыктар жоголгон учактын багытында болгондуктан ушул учакка таандык деп болжолдонууда.
Орус басма сөзүндөгү маалыматка караганда, кырсыктын себеби аба-ырайынын жагымсыз шарттары же учкучтун катасы болушу мүмкүн деп айтылууда.
Бир тараптан, Түркия учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Биз дос Россия Федерациясынын элинин кайгысын тең бөлүшүп, ушул кайгылуу кырсыкта каза болгондордун жакындарына жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнө көңүл айтабыз» деген сөздөр камтылды.