Дүйнөдөгү үчүнчү чоң алмаз

Казылып алынган алмаздын Ботсвананын президенти Мокгвеци Эрик Кеабетсве Масисиге тапшырылгандыгы айтылды.

1659803
Дүйнөдөгү үчүнчү чоң алмаз

Түштүк Африка өлкөсү Ботсванада дүйнөдөгү "үчүнчү чоң алмаз" табылды.

Ботсванадагы алмаз компаниясы Debswana тарабынан жасалган билдирүүдө, 1-июнда табылган 1098 караттык алмаздын "дүйнөдөгү үчүнчү чоң баалуу таш" экендиги белгиленди.

Билдирүүдө казылып алынган алмаздын өлкөнүн борбору Габоронго алынып барылып Ботсвананын президенти Мокгвеци Эрик Кеабетсве Масисиге тапшырылгандыгы айтылды.

Дебсвананын башкы директору Линетт Армстронг, казылып алынган алмаз Ботсвана үчүн чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеп: «Бул күрөшүп жаткан элибизге үмүт берүүдө» деди. Дүйнөдөгү эң ири алмаз болгон 3106 караттык Куллинан алмазы, 1905-жылы Түштүк Африкада табылган болчу.



Тектеш кабарлар