Израиль күчтөрү айрым үйлөрдү кулатуу боюнча билдирүү жиберди

Израиль күчтөрү оккупацияга алынган Батыш Шериада палестиналыктарга таандык чатырларды кулатып, айрым үй ээлерине да кулатуу жөнүндө билдирүү жөнөттү.

1649077

Палестина Боштондук Уюмуна караштуу Бөлүү дубалы (Абийир дубалы) жана еврей отурукташуу жерлери менен күрөшүү кеңешинин делегациясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ел  -  Халил шаарынын түштүгүндө палестиналыктарга таандык 4 чатырдын кулагандыгы билдирилди.

Маалыматта, чатырлардын экөө турак жай катары, калган экөө кой короо катары колдонулгандыгы маалымдалды.

Палестина менен Израиль башкарууларынын ортосунда 1995-жылы кол коюлган "Экинчи Осло келишиминин" алкагында;  A, B жана C зоналарына бөлүнгөн.

18 пайызын камтыган А аймагынын башкаруусу жана коопсуздугу Палестинага, 21 пайыздык B аймагынын башкаруусу Палестинага «коопсуздугу» Израилге берилген. 61 пайызын түзгөн «С аймагынын» башкаруусу жана коопсуздугу Израилге берилген.

Тектеш кабарлар