Газадагы кырдаал

Израилдин учактары Газадагы үйлөргө кол салышты.

1642090
Газадагы кырдаал

Израилдин Газага артиллериялык куралдар менен кол салуулары уланып жатат.

Газа чек арасындагы Израиль аскерлери шаардын түндүгүндөгү Бейт Ханунда жайгашкан бир үйдү аткылап жатканда, согуштук учактары да Хан Юнустагы 3 кабаттуу үйгө кол салышты.

Газанын батыш тарабындагы Палестинанын каршылык көрсөтүү тобуна таандык жерлерге чабуул жасаган учактар, Дейр аль-Белах аймагындагы бир үйдү жана айыл чарба талааларын бомбалашты.

10-майдан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларынан 221 палестиналык, анын ичинде 63 бала, 36 аял жана 1 журналист шейит болуп, 1500дөн ашуун адам жаракат алышты.

Жаракат алгандардын арасында Анадолу агенттигинин (AA) оператору Мухаммед Дахлан дагы бар.



Тектеш кабарлар