Али Хаманей : "Израиль бир мамлекет эмес террордук база"

Иран лидери христиан жана мусулман диний жетекчилерин Израиль менен мамилени нормалдаштырууну арам деп жарыялоого чакырды.

1636148
Али  Хаманей : "Израиль бир мамлекет эмес террордук база"

Ирандын диний лидери Али Хаманей Израилдин палестиналыктарга карата эреже бузууларын сынга алып : «Израиль бир өлкө эмес, террор базасы. Ошондуктан ага каршы согушуу баарынын милдети»,- деди.

Иранда Кудс күнүнөн улам телекөрсөтүүлө түз эфирде сөз сүйлөгөн  Хаманей Израилдин палестиналыктарга карата кол салууларын жана айрым араб өлкөлөрүнүн Израиль менен карым  - катнаштарын калыбына келтирүүсүн сынга алды.

АКШ, Британия жана Израилди «Палестинанын душмандары» деп мүнөздөгөн Хаманей  маселенин чечилиши үчүн бул күчтөргө ишенбөө керектигин айтты.

Хаманей : «Сионисттер Палестинаны биринчи күндөн баштап террордук базага айлантышты. Израиль өлкө эмес, ал террордук база. Ошондуктан ага каршы күрөшүү ар бир адамдын милдети»,- деди.

Иран лидери христиан жана мусулман диний жетекчилерин Израиль менен мамилени нормалдаштырууну арам деп жарыялоого чакырды.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар