Түрк америкалык ишкерлер ассоциациясынан Жо Байденге чакыруу
Түрк америкалык ашкерлер ассоциациясы TABA-AmCham АКШнын президенти Жо Байденге 1915 - жылдагы армян дооматтары тууралуу түрк дүйнөсүнүн да сезимталдуулуктарын эске алуу менен мамиле кылууга чакырды.
Түрк америкалык ашкерлер ассоциациясы TABA-AmCham АКШнын президенти Жо Байденге 1915 - жылдагы армян дооматтары тууралуу түрк дүйнөсүнүн да сезимталдуулуктарын эске алуу менен мамиле кылууга чакырды.
TABA-AmChamдан берилген маалыматта Түркия жана АКШнын стратегиялык өнөктөштүгүнүн аймакта жана дүйнөдө маанилүү тең салмактуулук элементи болгондугу белгиленип : «1915 - жылы болгон жагымсыз окуяларга ал күндүн шарттарында кароонун ордуна Түркияга кысым жасоо каражатына айландыруу аракеттери карым - катнаштарга көлөкө түшүрүүдө»,- деп билдирилди.
Маалыматта : «Бийликке келген күндөн тарта дүйнө менен позитивдүү байланыш куруу аракетинде болгон АКШнын президенти Жо Байден жана башкаруусунун 1915 - жылдагы окуялар тууралуу түрк дүйнөсүнүн да сезимталдыгына көңүл буруу менен мамиле кылышынан үмүт кылабыз»,- деген сөздөргө орун берилди.
Маалыматта TABA-AmChamдын бир гана түрк иш дүйнөсүнүн АКШда болуусу эле эмес, Американын иш дүйнөсүнүн Түркияда болушунун улантылышы жана өсүшүндө да жоопкерчилик алгандыгы эске салынып : «Түркия менен АКШнын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги соода карым - катнаштарын өнүктүрүү менен улантышын, тарыхчылардын талкуулашы керек болгон темалардын эки дос өлкөнүн саясий, соода жана эң негизгиси достук карым - катнаштарыбызга тескери таасирин тийгизе тургандай колдонулбашын каалайбыз»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
АКШда өрт жана өзгөчө кырдаал
Руидосо шаарына жакын жерде чыккан эки өрттөн улам аймактагы 7800 киши үйлөрүн таштап кетти.