АКШда Johnson & Johnson вакцинасын колдонууга кайрадан уруксат берилди
Johnson & Johnsonдун Ковид-19 вакцинасы менен эмдөө иштери 13-апрелде токтотулган болчу.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC), кандын уюшуна алып келгендиги себеби менен 13-апрелде токтотулган Жонсон & Жонсондун вакцинасына жашыл жарык берди.
CDC борборунун Эмдөө иштери боюнча консультативдик комитети, Жонсон & Жонсон тарабынан чыгарылган коронавирустук (Ковид-19) вакцинаны 4 каршы 10 макул добуш менен колдонууну улантуу чечимин кабыл алды.
Комитеттин бир доза түрүндө колдонулган Johnson & Johnson Kovid-19 вакцинасынын пайдаларынын тобокелдиктерден алда канча жогору экендиги жөнүндө бир пикирге келгендиги айтылды.
Джонсон & Джонсон тарабынан чыгарылган бир дозалык Ковид-19 вакцинасынын АКШда болжол менен 8 миллион адамга сайылгандыгы, булардын ичинен 15 адамда тромбоз байкалгандыгы жана 3 адамдын каза болгондугу кабарлаганган эле.